Редакцияот 453788
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXIX заседаниеси

 

2012-жылдын 16-июлу № 29/4

Жошолу айыл өкмөтүндө калкты медициналык жактан тейлөөнүн абалы жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл округунда жайгашкан ФАПтардын калктын саламаттыгын сактоо боюнча 2011-жылда аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2012-жылга коюлган милдеттери жана аткарылган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.

2. Жошолу жана Усон-Кыштоо эмканаларында кургак учук ,аз кандуулук , сарык ж.б. ооруларга каршы өз убагында эмдөөлөрдү жүргүзүү, ар бир бөлмөнүн тазалыгын сактоону уюштуруу эмкананын башчылары Ж.Доорановго жана Н.Отоловага жүктөлсүн.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жошолу айыл округунун башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Жошолу айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

К. Алдашев