Редакцияот 455475
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара –Таш айылдык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы

 

2012 жылдын 20-апрели № XXVII-1

Кара-Таш айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө.

Кара-Таш айылдык округунун 2011-жылдагы бюджетинин   аткарылышы жана 2012-жылга айылдык округдун бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселеси «Кыргыз Республикасынын бюджети» мыйзамынын негизинде иштелип чыккан долбоору Кара-Таш айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы менен мекеме-уюмдардын жетекчилери тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн негизинде депутаттардын Кара-Таш айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айылдык кеңешинин 2011-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча Кара-Таш айылдык округунун жүргүзгөн финансылык чарбалык иш аракеттери канаттандырарлык деп эсептелсин.

2. 2011-жылга Кара-Таш айылдык кеңешинин бюджетинин кирешелери 1812,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү 21077,7 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

3. 2012-жылга Кара-Таш айылдык округунда бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү 26062,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

4. 2012-жылга айылдык округдун бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар

- №1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык округдун бюджетинин чыгаша бөлүгү 2011-жылга түшкөн кирешелер жана чыгашалардын чегинде, ошону менен биринчи негизги статьяларга (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөөлөргө) каржылануусу белгиленсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Таш айылдык округунун айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Депутаттардын Кара-Таш айылдык

кеңешинин төрайымы

 

Н. Тажибаева