Редакцияот 453373
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман поселкалык кеңешинин кезектеги V- чакырылышынын XIX заседаниеси

 

2012-жылдын 24-апрели №XIX-2

Найман айылдык округунун бюджетинин 2010-жылдын бюджетин аткарылышын жана 2012-2013-2014-жылдарга каралган айылдык Кеңештин бюджетинин бекитүү жөнүндө.

Найман айылдык Кеңешинин 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2012-2013-2014-жылдарга каралган айылдык округунун бюджети жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын 2012-жылдагы бюджетиндеги эки баскычтуу бюджет түзүлгөндүгүн поселкалык Кеңешинин бюджет боюнча комиссиясы тарабынан каралгандыгына байланыштуу Найман айылдык Кеңеши

TOKTOM КЫЛАТ:

1. 2010-жылга Найман айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелери 6040,7 миң сомго чыгаша жагы 5887,2 миң сомго бекитилсин.

2. 2012-жылга айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешесин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын

3. 2012-жылга айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешесин 10218,8 миң сомго чыгаша жагы 10218,8 миң сомго аныкталсын.

4. 2013-2014-жылдарга айылдык Кеңештин болжомол бюджетин 2013-жылга кирешесин 10617,4 миң сомго, чыгаша жагы 10617,4 миң сомго, 2014-жылга кирешесин 10745,5 миң сомго, чыгаша жагы 10745,5 миң сомго бекитилсин.

 

Найман поселкалык

кеңешинин төрайымы

 

Ш. Сапарова