Редакцияот 454704
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин 4 чакырылышынын кезектеги 41чи сессиясы

 

2012-жылдын 02-октябры № 41-1

« Т. Кулатов айылдык округунун 2012-жылга жергиликтүү бюджетинин 8 айлыгынын аткарылышын бекитүү жөнүндө»

Т.Кулатов айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 8 айлыгынын аткарылышы жөнүндөгү маселе айылдык Кеңештин бюджет, экономика , соода жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т. Кулатов айылдык округунун 2012-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча аткарылган иш аракеттери 2012 жылдын 9 айлыгы боюнча жыйынтыгы менен каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т. Кулатов айылдык Кеңештин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т. Кулатов айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Абдиллаев