Редакцияот 457262
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 5 ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ 5 ЗАСЕДАНИЕСИ

 

2012-жылдын 09-октябры №5/3

Будалык айыл өкмөтүнүн балансасында турган эл тарабынан марофон өткөрүү менен алынган трактор жөнүндө.

Будалык айыл өкмөтүнүн эл тарабынан сатылып алынган жалпы сметалык баасы 120 миң сомду түзгөн трактордун абалы жана жер айдоочу сокусу (кош) жөнүндө депутат К.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп, жана талкуулап Будалык айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эл тарабынан сатылып алынган тракторду айыл өкмөтүнө алып келип токтотуу жагы тракторист Бакиров Тилебалдыдан талап кылынсын.

2. Жоголуп кеткен жер айдоочу сокону ( коштуу ) тиешелүү органдарга билдирип, таптыруу Будалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Осмоновго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, жер жана агрардык реформаны ишке ашыруу, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Будалык айылдык

кеңешинин төрагасы

 

У. Асанов