Редакцияот 26.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеңеш XXVI чакырылган XXII сессиясы

 2015-жылдын 26-ноябры № 4

Калкка, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана мечитке таш көмүр жана материалдык жардамдын көлөмүн бекитүү жөнүндө

Калкка, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана мечитке таш көмүр жана материалдык жардамдын көлөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап, талкуулап Ананьев айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына бир тоннадан таш көмүр жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилсин. Мечитке бир тонна таш көмүр жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып берилсин.

2.  Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө материалдык жардамдын өлчөмү 3000-10000сом аралыгында бекитилип берилсин.

3. Бул токтом каттоодон өткөрʏлсʏн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтʏлсʏн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жʏктөлсʏн.

 

Төрага:

Окенаев Т.М.