Редакцияот 26.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АНАНЬЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ысык-Көл району Ананьев Айылдык Кеӊеш XXVI чакырылган XXII сессиясы

2015-жылдын 26-ноябры

ЖКХ-нын тарифин бекитүү жөнүндө

 

Ананьев айыл аймагында жаңы түзүлгөн ЖКХ мекемесинин экскаватордун бир саатка элге кызмат көрсөтүү акысынын өлчөмүн карап, талкуулап жана эски кочегарканын ордун тазалап алып кетүүнү карап, талкуулап Ананьев айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    ЖКХ мекемесинин экскаваторунун элге кызмат көрсөтүү акысы бир саатына 845сом өлчөмүндө убактылуу бекитилсин.

2. Эски кочегарканын ордун тазалап алууга Б.Сантасовко уруксат берилсин.

3.Бул токтом каттоодон өткөрʏлсʏн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизʏʏ ʏчʏн Ысык-Көл областтык юстиция башкармалыгына жөнөтʏлсʏн.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиягажʏктөлсʏн.

 

Төрага:

Окенаев Т.М.