Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2015-жылдын 20-февралы № 11

Муниципалдык кызматкерлердин функционалдык милдеттерин бекитүү жөнүндө

КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-майындагы №183-токтомунун редакциясынын негизинде Муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттерин бекитүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-майындагы №183-токтомунун редакциясынын негизинде Муниципалдык кызматкерлеринин функционалдык милдеттери бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнүн функционалдык милдеттерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматкерлерине жеткирүү жагы жооптуу катчы Д. Тешебаевге милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

К. Халматов.