Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

2015-жылдын 20-февралы № 14

Көк-Таш айылындагы КААБна колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук АМБнун Көк-Таш айылында жайгашкан КААБнын шартын жакшыртуу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин III-чакырылышынын XXV-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.    Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таш-Тумшук АМБнун Көк-Таш айылында жайгашкан КААБнын имаратынын чатырын жабуу жана айланасына тосмо куруу максатында Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Ушул токтомдо көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С. Акылбековго милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин алдындагы бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага:

К. Халматов