Редакцияот 20.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Сай айылдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

2015-жылдын 20-февралы №18

Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасына балдар бакчасын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнүндө

 Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылын Мин-Булак участкасынын элдеринин кайрылуусун карап чыгып, Ак-Сай айьлдык кеңешинин III чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасындагы муниципалдык менчигинде турган 0,12га жер аянты балдар бакча куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С. Акылбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

К. Халматов