Редакцияот 05.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Зергер айылдык кеңешинин V чакырылыштагы кезексиз ХVII сессиясынын

 

2015–жылдын 5-июну № 82

Зергер айыл аймагынын Кутурган айылындагы автомо­биль жолун Кыргыз Респуб­ликасынын Транспорт жана коммунакациялар министрлигинин балансына ѳткѳрγп берγγ жѳнγндѳ

Кыргыз Республикачынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 31 - беренесин жетекчилике алып, Зергер айыл айма­гынын Кутурган айылы алыскы тоолу айыл, кышы оор жана жаратылыш шарты татаал экендигин эске алып, айыл элине жакшы жашоо шартын кам-сыз кылып берγγ максатында, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жѳнγндѳгγ» мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Зергер айылдык кеңешинин кезектеги он жетинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ѳзгѳн-Зергер автомобиль жолунун 16-чакырымынан Зергер айыл айма­гынын Кутурган айылындагы 8,5 чакырым ички автомобиль жолун Кыр­гыз Республикасынын Транпорт жана коммуникациялар министрлиги-нин балансына ѳткѳрγп берγγ суралсын.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министирлигине тийиштγγ докумерттерди даярдап берγγ жана тийиштγγ иш чарала-рды жγргузγγ Зергер айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.

 

Төрага:

Т. Ибраимов