Редакцияот 16.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин Депутаттарынын VI чакырылышынын кезексиз III сессиясы

 

2015-жылдын16-ноябры № III/VI

Ача-Кайыңды айыл тургундарынан кармалуучу тазалык жыйымдын ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1. Ача-Кайынды айыл тургундарынан кармалуучу тазалык жыйымдын ставкасына өзгөртүү киргизилсин.

2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2014-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылдагы бюджетти бекитүү жөнүндө кабыл алынган 2015-жылдын 27-мартындагы №3 Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомунун 6-бөлүмүндөгү түтүн башына 100 (жуз) деген цифра 50 (элүү) деп өзгөртүлсүн.

3. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын жана облустук юстиция башкармалыгынан кайрадан каттоого алынсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына жетекчилик кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Б. Сатиевге тапшырылсын.

 

Төрайым

Г. Асанов