Редакцияот 11.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-ДѲБѲ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Баш-Дѳбѳ айылдык округунун айылдык кеңешинин V чакырылган кезектеги XVII сессиясы

 

2015-жылдын 11-ноябры № 17/4

Кош-Коргон айылынын көчөсүнө маркум Маматахунов Сатывалдынын ысымын ыйгаруу боюнча

Өзгөн шаарынын тургуну Маматахунов Махамаджандын Кош-Коргон айылынын тургундарына жана айылдык кеңештин сессиясына кайрылуу арызынын негизинде жана Кош-Коргон айылынын тургундарынын 2014-жылдын 15-мартындагы жалпы чогулушунун № 1 протоколунун негизинде маркум Маматахунов Сатывалдынын аты Кош-Коргон айылынын бир көчөсүнө ысымын ыйгаруу боюнча талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңешинин кезексиз XVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кош-Коргон айылынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 1 протоколу жана Маматахунов Махамаджандын арызы канаттандырылсын.

2. Кош-Коргон айылынын көчөсүнө маркум Маматахунов Сатывалдынын ысымы ыйгарылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин   

 

Төрага

Ж. Идрисов