Редакцияот 23.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

 

2015-жылдын 26-марты № 17-3/4

Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө

Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыктары жөнүндө Ак-Суу айыл өкмөтүнүн салык инспектору Ч. Жуманазаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтү боюнча там арка салыгы боюнча пенсионерлерге жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн 15(он беш) сотыхтан ашкан жерлерине салык төлөнсүн.

2. Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге коэффициент бекитилип берилсин .

-Ак-Суу айыл өкмөтүнүн борбору-1,0

-Мазар,Коргон-Дөбө,Ак-Сай, Төө-Басты айылдары -1,0

-Кен байлыктарды казуу багытындагы мекеме уюмдарга -1,0.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджеттик маселелер  боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ө. Камчыбековго  милдеттендирилсин.

 

Төрагас

К. Төрөкулов