Редакцияот 22.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл кеңешинин депутаттарынын 6-чакырылышынын кезектеги 16 -сессиясы

 

2015-жылдын 22-январы № 16-3/2

Т.Д. Казанский» ишканасынын жүргүзгөн иштери жөнүндө

«Т.Д.Казанский» ишканасынын жүргүзгөн иштери боюнча Ак-Суу айылдык кеңештин орун басары Н. Балтабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Балапан –Сай” участкасында таш (известняк) казуу иштерин жүргүзгөн «Т.Д. Казанский» ишканасынын айыл өкмөтүнө салыктарды төкпөй, келишими жок, мыйзамсыз жүргүзүп жаткан иш-аракеттери жөнүндө “Т.Д. Казанский” ишканасынын жетекчиси Шерматов Мухтарали Турдыбаевичке эскертилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Шадыкановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Төрөкулов