Редакцияот 18.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 18-февралы № 4

Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 «Наристе» балдар бакчасындагы ата-энелер төлөмү жөнүндө

Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы № 4 «Наристе» балдар бакчасынын башчысы Д. Сыдыкованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектегиXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. № 4 «Наристе» балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү 200 (Эки жуз) сом акчага чектелсин.

3. № 4 «Наристе» балдар бакчасында көп балалуу,турмуш-шарты оор, мүмкүнчүлүгү чектелген ата-энелер үчүн төлөм төлөөдө жеңилдиктер берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын..

 

Төрага

А.А. Жамгырчиев