Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги 17-сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели № 7

Покровка айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө

Покровка айыл өкмөт башчысынын (Т.Базакечов) 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө  маалыматын угуп жана талкуулап жана ошондой эле Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата аткара турган иш планын бекитүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктун  жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айыл өкмөт башчысы  Т. Базакечовдун 2014-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө  маалыматы канааттандырарлык деп табылсын;

2. Покровка айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата аткара турган иш планы бекитилсин

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова