Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык  кеңешинин кезектеги 17-сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели № 8

СПАга каражат бөлүштүрүү жөнүндө

“Жорго” СПАсынын директору О. Бекмурзаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин  жетекчиликке алып   Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дыйкандарды сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн, негизги арык-каналдарга тазалоо максатында “Жорго” СПАсына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 69400 (алтымыш тогуз миң төрт жүз) сом бөлүнүп берилсин;

2. ЭКБнүн башчысы К.Жунусбаевге каражат бөлүштүрүү жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңешинин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Төрайым

Г.А. Садырова