Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели № 13

Покровка айылдык аймагына караштуу муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Покровка айылдык аймагы боюнча тазалыкты сактоо, турак –жай турмуш-тиричилик чарба жумуштарын тейлөө багытында  Покровка айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана түзүү маселесин Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылдык аймагы боюнча тазалыкты сактоо, турак-жай турмуш-тиричилик чарба жумуштарын тейлөө багытында Покровка айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана түзүлсүн:

2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, муниципалдык ишкананын уставын иштеп чыгып, юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрайымыны орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова