Редакцияот 03.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык  кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

 

2015-жылдын 3-апрели №16

“Бала-Саруу Таза суу” ИСКАКБсынын башчысы А. Туралыковдун арызы боюнча

“Бала-Саруу Таза суу” ИСКАКБсынын башчысы А.Туралыковдун арызынын негизинде 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү боюнча Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Бала-Саруу Таза суу”  ИСКАКБсына суу түтүктөрүн оңдоо максатында 30000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин;

2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы  Т.Базакечовго тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басарына (А. Кермалиев) милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова