ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2015-жылдын 28- августу № 26
Мектеп салууга жер тилимин берүү жөнүндө
Жайылган айылына орто мектеп салуу максатында, Жайылган айылынан муниципалдык менчикке тиешелүү 3,0 га жер тилимин бөлүнүп берүү маселесин, Покровка айылдык кеңеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылган айылынан муниципалдык менчикке тиешелүү 3,0 га жер тилими орто мектеп салуу максатында бөлүнүп берилсин;
2. Жер тилимин бөлүп берип, тиешелүү документтерин бүткөрүү жагы Покровка айыл өкмөт башчысы Т.Базакечовго тапшырылсын;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин алдындагы агрардык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрайым | Г.А. Садырова |