Редакцияот 29.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезексиз   21-сессиясы

 

2015-жылдын 19-сентябры № 30

Жумушчу топ түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, 2013-2017-жылдардын мезгилинде Покровка айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын карап чыгуу максатында жумушчу топ түзүү маселесин Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-2017-жылдардын мезгилинде Покровка айылдык аймагын туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиялык планын карап чыгуу максатында жумушчу тобу түзүлсүн;

2. Жумушчу топ төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

-Д. Калмухамедова – Покровка айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун төрайымы;

МҮЧӨЛӨРҮ

-А. Абазбекова- Покровка айылдык кеңешинин депутаты;

-К. Такеев- Покровка айылынын аксакалдар сотунун катчысы;

-Б. Кыдыков- Бала-Саруу айылынын айыл башчысы;

-Н. Календеров- Жайылган айылынын айыл башчысы;

-К. Суюмбаев-Кара-Арча айылынын айыл башчысы;

-К. Дүйшенбеков-Сөгөт айылынын айыл башчысы

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айылдык кеңешинин төрайымынын орун басары А. Кермалиевге милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова