Редакцияот 29.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25-сессиясы

 

2016-жылдын 29-марты № 9

Элдин арызын кароо жѳнγндѳ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25-сессиясынын кγн тартибиндеги Ген план боюнча элдердин арыздарын карап,  угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жийде айылындагы Мамыров Мамат, Дангылов Чолпонбай, Дыйканов Туташ, Байчороев Абдылла, Калмурза уулу Мурзаким , Исаков Үсѳн кѳчѳлѳрγ, Кыргызстан айылынын Айтиев Арстан, Шадыканов Муратали, Дыйканказы кѳчѳлѳрγ жана Сопу маала айылдарындагы жашап жаткан жарандардын Ѳзгѳн райондук гос регистр тарабынан 2003- жылкы бирдиктγγ каттоодон ѳткѳн калктуу конуштардагы жеке менчик турак жайларын Ген планга киргизγγ жагы каралсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жер комиссиясынын тѳрагасы  А. Жолдошошвго милдеттендирилсин .

 

Төрага

С. Курманбеков