Редакцияот 29.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25-сессиясы

 

2016-жылдын 29-марты № 14

Айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого кѳчγп кетγγсγ жана кайрадан кѳчγп келγγ мѳѳнѳтγн белгилѳѳ жγнγндѳ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги 25 - сессиясынын кγн тартибиндеги элдик жыйынынын чечиминин негизинде айыл аймагындагы мал бакмачылардын жайлоого кѳчγп кетγγсγ жана кайрадан кѳчγп келγγ мѳѳнѳтγн белгилѳѳ жѳнγндѳгγ маселени угуп жана талкуулап Ийри-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы мал бакмачылар 2016- жылдын 10- апрелине чейин ортонку жайытка 20- майдан кийин жогорку жайыттарда жатакташсын.

2. 20- апрель айынан аба ырайынын ѳзгѳрγγсγнѳ карап 25-апрелге чейин мал бакмачылар жайлоого кѳчγп кетишсин.

3. Мал бакмачылар 20- сентябрь айынын кийин жайлоодон кѳчγп келишсин.

 

Төрага

С. Курманбеков