Редакцияот 13.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИЙРИ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ийри-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттарынын кезектеги ХХI отуруму

 

2015-жылдын 13-октябры № 30

Ийри-Суу айыл аймагынын тургундарынын жамааттык мончого болгон мγдѳѳсγн аткаруу максатында Ийри-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын депутаттары

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ийри-Суу айыл ѳкмѳтγнѳ

–Кыргызстан айылынын шарты бар жеринен (муниципалдык менчик) мончо курууга 0,10 га жер аянтын ажыратуу ;

–Жамаатык мончонун долбоор документтерин (ПСД) тиешелγγ ишканадан аткарттырып алуу;

-Жамаатык мончону куруу боюнча демилгелγγ топ тγзγγ;

-Жамаатык мончону мамлекеттик дем берγγ грант аркылуу бγтγрγγ жана ага 490000( Тѳрт жγз токсон мин ) сом акча каражатын табып долбоорго γлγш катары кошуу ;

-Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен Ийри-Суу айыл аймагынын Кыргызстан айылынын жамаатык мончого курулушун γлγштγк грант аркылуу каржылып берγγнγ суроо жактары милдеттендирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳзγмѳ калтырам .

 

Төрага

С. Курманбеков