Редакцияот 07.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргызстан айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы

 

2016-жылдын 7-марты № 3

Дыйкан чарбаларга мал киргизгендерге салынуучу айып пулдун тарифтерин бекитүү жөнүндө

2016-жылдын 1-мартынан тартып дыйкан чарбаларга мал киргизүүгө тыюуу салуу боюнча кезектеги 1-сессиянын жыйынтыгын эске алып, Кыргызстан айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-марттан тартып дыйкан чарбаларга мал киргизүүгө тыюу салынсын.

Айып пулдун тарифи:

-1 баш кара малга- 1000сом айып пул салынсын,

-1 баш кой(эчки ж.б) -100сомдон айып пул салынсын.

2. Токтомдун аткарылышы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн башчысы С. Торобековго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

К. Оморов