Редакцияот 10.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХХXVII СЕССИЯСЫ

(III чакырылыш)

 

2016-жылдын 10-февралы № 329

Ош шаарынын 2020-жылга чейинки туруктуу энергетикалык ѳнγктγрγγ иш аракеттеринин планын бекитγγ жѳнγндѳ

Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 17-декабрындагы Ош шаарынын 2020-жылга чейинки туруктуу энергетикалык ѳнγктγрγγ иш аракеттеринин планын бекитип берγγ жѳнγндѳгγ № 490/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2016-жылдын 1-февралындагы № 2-токтомун, ошондой эле сессияда чыгып сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаарынын 2020-жылга чейинки туруктуу энергетикалык ѳнγктγрγγ иш аракеттеринин планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).

2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М. Суранов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р. Эргешов).

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, байланыш, транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс жана муниципалдык чарба маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Сыдыков) жγктѳлсγн.

 

Ош шаардык кеңешинин тѳрагасынын милдетин аткаруучу

А. Аланов