Редакцияот 20.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу району Жоош айылдык кеңешинин кезектеги ХIХ-сессиясы

(бешинчи шайланган)

2016-жылдын 20-февралы № 19/2

«Жоош айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2015-жылдагы аткарылышы жөнүндө»

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу Т. Кадырбекованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып бюджет боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинин токтомуна ылайык Жоош айылдык кеңешинин V-чакырылыш кезектеги ХIХ-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жоош айыл өкмөтүнүн 2015-жылга карата бекитилген бюджетинин киреше жана чыгашалар боюнча аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

К. Бердикулов