Редакцияот 17.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы

 

2015-жылдын 17-марты № 151

Бел-Кара-Суу айылындагы көчөгө“Кыдыр Сейит” ысымын берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бел-Кара-Суу айылынын жашоочуларынын арызынын негизинде жана Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын колдоосу менен Бел-Кара-Суу айылындагы көчөгө Кыдыр Сейит -деген ысым берилсин.

2. Бел-Кара-Суу айылындагы Кыдыр Сейит атындагы көчөнүн жашоочулары чогулуп, көчө комитеттин көрсөтүп, көчөнүн жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерин жүргүзүп иш алып баруу жагы белгиленсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бел-Кара-Суу айылынын айыл башчысына жана көчө комитеттине тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Төрага

Ж. Ысырайылов