Редакцияот 20.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIX сессиясы

 

2015-жылдын 20-марты № 161

Ак-Жар айылындагы жаңы курула турган мончонун курулуш иштерине каражат бөлүп берүү жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Ак-Жар айылындагы жаңы курула турган мончонун курулуш иштери башталса, айыл өкмөттүн бюджеттин карап, акча каражаттын бөлүп берүү айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж. Садыковко жүктөлсүн.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык кеңештин финансы жана экономика комитетинин төрагасы М.Өктөмбековко тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Ж. Ысырайылов