Редакцияот 17.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы

 

2015-жылдын 17-апрели № 171

Таштандыларды мыйзамсыз төккөндөргө айып пул салуу жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү XX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы көчөлөрдүн ичине таштандыларды мыйзамсыз таштагандарга АКТнын негизинде чара көрүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып салынсын.

2. Көчө комитеттери менен бирдикте көрсөтүлгөн айыпты өндүрүү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловко жана айыл башчыларга жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттин төрайымы М. Базаркуловко тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Ж. Ысырайылов