Редакцияот 23.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы

 

2015-жылдын 23-октябры № 199

Камыш-Башы айылынын Нанай-Ата көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуу катты жөнүндө

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектүү ХXIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камыш-Башы айылынын Нанай-Ата көчөсүнүн жашоочуларынын көчөдөн жолго чыгып турак жай салып алгандарга, комиссия менен чара колдонуп ачуу жөнүндө кайрылуу каты эске алынсын.

2. Нанай-Ата көчөсүндө көчөдөн жолго чыгып турак жай салып алгандарга комиссия менен чара колдонуп ачуу жагы айылдык кеӊештин жол, транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Базаркуловго жана жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ө.Төрөкуловго жүктөлсүн.

3. Бул токтом www.Kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

төрага

Ж. Ысырайылов