Редакцияот 12.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 12-майы № 86/29-6

“Т.Т. Молдомуровго” Кара-Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Көл шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкош зор салымы үчүн шаардык кеңештин мандат, регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XXIХ сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Молдомуров Толкунбек Темиркуловичке “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

2. Шаардык мэрия менен шаардык кеңеш биргеликте шаардын даталуу күндөрүндө салтанаттуу Т.Т. Молдомуровго “Кара -Көл шаарынын ардактуу атуулу” наамы берилгендиги боюнча күбөлүк, грамота жана төш белги берүүнү камсыз кылсын .

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга, ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мандат,  регламент, укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.К. Женбеков