Редакцияот 29.04.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXI сесиясы

 

2015-жылдын 29-апрели № 6

Ленин айыл аймагындагы таза-суу боюнча коомдук–бирикмелердин жана коммуналдык турмуш-тиричилик чарбасынын жетекчилеринин аткарган иштери жана келечектеги иш-пландары жөнүндөгү билдирүүлөрү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таза-суу боюнча коомдук уюмдун башчыларынын жана жайыт камитетинин төрагасынын билдирүулөрү эске алынсын .

2. Таза-суу боюнча коомдук уюмдардын жана коммуналдык турмуш-тиричилик чарбасынын иштери канааттандырарлык болбогондуктан алардын ишин кайрадан түзүп иштөө жөндөмдүүлүгүн тийиштүү деңгээлге которуу айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко милдеттендирилсин.

3. Айыл аймактын Калма-Кырчын участогундагы жашоочулардын жайытка жайыт акысы, кашалап алган жерлерине ижара акысын жана там арка салыгын төлөбөгөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп тиешелүү төлөмдөрдү өндүрүү үчүн төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

1) Курманалиев К.-айыл өкмөт башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы.

2) Мураталиев Б. – айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.

3) Тойчуев А. – айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.

4) Тунгатаров А.– айылдык кеңештин депутаты-комиссиянын мүчөсү.

5) Арзыкулов С .– Жыгач-Коргон айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү.

6) Борукулов А. – Орто-Сай айылынын айыл башчысы- комиссиянын мүчөсү.

7) Кеңешбаев М.-Ленин айылынын айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү.

8) Мавлянов Э.-Аксакалдар кеңешинин төрагасы – комиссиянын мүчөсү.

9) Джусупов М.-Жайыт комитетинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү.

4. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Ч. Мурзакановко тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө соц. маселелер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Токтосунов