Редакцияот 14.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXII сессиясы

 

2015-жылдын 14-августу № 1

Гранттык акча каражаттарынын кириштелиши жана чыгымдалышы жөнүндө

Ленин айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Жолдошеванын билдирүүсүн угуп , талкуулап бюджеттик чыгымдарды бюджеттик классификацияга ылайык чыгымдоону камсыз кылуу максатында Ленин айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы менен ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркоорперейшн Ассоциасынын Кыргыз Республикасындагы филиалы Өнүктүрүү саясат Институту менен консорциумда ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнча 2015-жылдын 16-июлунда түзүлгөн гранттык келишим толугу менен аткарууга алынсын .

2. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору боюнча 235725 (эки жүз отуз беш миң жети жүз жыйырма беш) сом гранттык акча каражаты атайын каражат эсебине кириштелип , 70111 бөлүмүнүн 22154900-ар түрдүү чыгымдар беренесине чыгымдалсын.

3. Швецариялык Кызыл Жарым Ай Коому тарабынан “ Ден соолук көйгөйлөрү боюнча жамааттардын аракеттери (ДКЖА) долбоору тарабынан каржыланган гранттык 800,000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты атайын каражат эсебине кириштелип ,70111 бөлүмүнүн 31113290-башка курулмаларды алуу жана куруу беренесине чыгымдалсын.

4. Чечимди аткаруу жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн .

5. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Токтосунов