Редакцияот 18.03.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы

 

2013-жылдын 18-марты № 3-9

Лейлек районунун аймагында айлана чѳйрѳнγ кѳрктѳндγрγγнγн жана санитардык жактан тазалоонун 3 айылыгын ѳткѳрγγ жѳнγндѳ ЛРМАнын 2013-жылдын 14-февралындагы № 10 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтγнγн аймагында 3 айлык жарыялоо жѳнγндѳ

Лейлек районунун аймагында айлана чөйрөнү кѳрктѳндγрγγнγн жана санитардык жактан тазалоонун 3 айылыгын ѳткѳрγγ жѳнγндѳ ЛРМАнын 2013-жылдын 14-февралындагы № 10 токтомунун негизинде айыл ѳкмѳтүнүн аймагында 3 айлык жарыялоо жѳнγндѳ. Ак-Суу айыл ѳкмѳтγнγн башчысынын орун басары . А. Халмуратовтун билдирγγсγн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

1. Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын 2013-жылдын 14-февралындагы № 10 токтомунун негизинде Лейлек районунун аймагындагы Исфана шаар мериясынын, айыл ѳкмѳттѳрγнγн айылдарынын жана калк жашаган элдγγ пунктарынын айлана чѳйрѳсγн тазалоо, жашылдандыруу, кѳрктѳндγрγγ максатында 2013-жылдын 1-мартынан 30-майына чейин γч айлык жарыялансын.

2. Кѳрктѳндγрγγнγн жана санитардык жактан тазалоонун γч айлыгын ѳткѳрγγ боюнча Ак-Суу айыл ѳкмѳтγндѳ штаб тγзγлсγн жана штабтын иш чарасы бекитилсин .

- мѳмѳлγγ жана декоративдγγ бак- арактарды, ар тγрдγγ гγлдѳрдγн кѳчѳттѳрүн олтургузуу менен аймактын сырткы кѳрγнγшγн ѳзгѳртγγ боюнча практикалык уюштуруучулук чараларды көрүшсүн жана айыл ѳкмѳтγнγн ар бир тургуну бир тγптѳн кем эмес дарак отургузууга жетишсин.

- кѳчѳлѳрдγн четине тѳгγлгѳн таш, топурактарды жана жараксыз техникаларды чыгаруу уюштурулсун.

 

Төрага

А. Пирназаров