Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2014-жылдын 20-февралы № 9 -7

Ак Суу айылдык кеңешининин төрагасына компенсация төлөп берүү жөнүндө

Кун тартибиндеги маселе боюнча жооптуу катчы С.Эрназаровдун билдирүүсүн угуп айылдык кеңештин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.

“Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү“ Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 мыйзамынын 37-статьясынын 6- пунктунда айылдык кеңештин төрагасы өз ишин коомдук башталышта жүргүзөт,  бирок бир жолку берилүүчү компенсация алат деп көрсөтүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу агенттигинин 2009-жылдын 15-январындагы № 124 буйругунун негизинде тиешелүү эсептөө расчеттору  берилген.  Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Айылдык кеңештин төрагасына бир жолку берилүүчү компенсация төлөнүп берилсин

 

Төрага

С. Асланкулов