Редакцияот 20.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 9-сессиясы

 

2014-жылдын 20-февралы № 9-14

Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө

Ак-суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын төрагасы 12 мандаттуу Ак Суу шайлоо округунан депутат Н. Халмуратовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн эсептөө комиссиясынын заседаниесинин 2014-жылдын 20-февралындагы № 1, № 2 протоколдору бекитилсин.

2. Жогорудагы протоколдордун негизинде эң көп 10 добуш алган 4 мандаттуу Жар Кыштак шайлоо округунан депутат Асланкулов Салимбой Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп эсептелсин.

 

Төрага

С. Асланкулов