Редакцияот 13.06.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 11-сессиясы

 

2014-жылдын 13-июну № 11-15

Ак-Суу  айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин  төрагасы Э. Сангиновду Кыргыз  Республикасынын Президентинин “Ардак    Грамотасына” көрсөтүү жөнүндө

Ак-Суу  айыл аймагынын Аксакалдар  кеңешинин  төрагасы Э. Сангиновду Кыргыз   Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына ”  көрсөтүү жөнүндө. Ак-Суу  айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсү: Урматтуу  Ак-Суу  айылдык кеңешинин депутаттары  Ак-Суу  айылдык Аксакалдар  кеңешинин  төрагасы Э. Сангинов бир нече жылдан бери  үзүрлүү эмгектенип  келүүдө  .Бул мезгилде  айыл арасында ашыкча  каада салттарды, урп - адаттарды  кыскартууда  бир канча алгылыктуу жумуштарды аткарды. Ошол себептүү Э. Сангиновду жогорудагы аткарган иштери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак Грамотасына ” сунуштоого макулдук берүүңүздөрдү суранам: Жогорудагы билдирүүнү  карап чыгып  жана талкуулап  Ак-Суу  айылдык кеңешинин  сессиясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Ак-Суу  айыл аймагынын Аксакалдар кеңешинин   төрагасы Э. Сангинов  бир нече жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын  Президентинин  “Ардак Грамотасына” сунушталсын .

2. Керектүү документтерди даярдап  берүү жагы  Ак-Суу  айыл өкмөтүнүн  жооптуу катчысы  С. Эрназаровко  тапшырылсын.

 

Төрага

С. Асланкулов