Редакцияот 26.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 15-сессиясы

 

2015-жылдын 26-февралы № 15-1

Ак Суу айылдык кеңешининин жана Ак Суу айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Ак Суу айылдык кеңешинин жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө Ак-Суу айылдык кеңешинин жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Эрназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак Суу айылдык кеңешинин жана Ак-Суу айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасы С. Асланкуловго жана айыл өкмөтүнүн башчысы А. Халмуратовго милдеттендирилсин

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө административдик жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

Төрага

С. Асланкулов