Редакцияот 29.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги 20-сессиясы

 

2015-жылдын 29-декабры № 20-8

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлиги тарабынан Ак-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетине 256,5 миң сом өзгөртүү келгендигине байланыштуу Ак-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Х. Кушбаковдун билдирүүсүн угуп Ак-Суу айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин такталган планына 256,5 миң сом акча каражаты кошумча киргизилип, айыл өкмөтүнүн аппаратынын ар түрдүү чыгашалар бөлүмүнө сарпталсын. (тиркемеге ылайык).

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу депутаттардын Ак-Суу айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсы.

 

Төрага

С. Асланкулов