Редакцияот 20.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Марказ айыл кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз жетинчи сессиясы

 

2013-жылдын 20-сентябры № 7-4

Марказ айыл аймагынын Марказ айылынын тургуну Тагаев Казакбайдын жазган арызын карап чыгуу жөнүндө

Марказ айыл аймагынын Марказ айылынын Сарыбай айылынын тургуну Тагаев Казакбайдын Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жазган арызын карап талкуулап чыгып Марказ айыл кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Марказ айыл аймагынын Марказ айылындагы 500 ч/м жер аянты муниципиалдык менчигине алынсын.

2. Марказ айыл аймагынын Марказ айылынын тургуну Тагаев Казакбайдын уулу маркум Тагаев Бакыт Казакбаевичтин үй-бүлөөсүнө материалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүү максатында уулу Бакытбек уулу Шумкарбекке Марказ айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган Марказ айылынын Чукур участкасынын Кадамжай-Кызылкыя автожолунун боюнан 500 ч/м жер аянты соода түйүн куруу үчүн ажыратылып берилсин.

3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмү калтырамын.

 

Төрага

А. Эгемберди