Редакцияот 28.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

 

2016-жылдын 28-марты № 2

2015-жылдын жыйынтыгы менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша  бөлүмдөрүнүн аткарылышы жөнүндө

Боо-Терек айылдык кеңешинин XXX чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Р. Дүйшөнкулованын маалыматын угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6371,5 миң сомду, аткарылганы 7187,0 миң сомду түзгөндүгү эске алынып, 2015-жылдын жыйынтыгы менен Боо-Терек айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Алымкулова