Редакцияот 10.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чон-Алай айылдык кеӊешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2016-жылдын 10-марты № 2

Дароот-Коргон айылы Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө

Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичтин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин айыл өкмөттүн 2016-жылга карата бюджети боюнча долбоорлорун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чоӊ-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 21718500 сомго жана чыгаша бөлүгү 21718500 сом болуп бекитилсин.

Ошондой эле чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй разделге бөлүнсүн.

- аппарат 10951600 сом

- мектептерге 6134200 сом

- толук эмес орто мектеп 110000 сом

- маданиятка 564500 сом

- китепканалар 611000 сом

- бала бакчаларга 2497200 сом

- аппараттын атайын каражаты 50000 сом

- бала бакчалардын атайын каражаты 800000 сом

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Молдоболотов