Редакцияот 10.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОӉ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги I сессиясы

 

2016-жылдын 10-марты № 7

Балдардын чыгармачыл борборуна имарат салуу үчүн айылдык аймактын стратегиялык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө

Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин депутаты Т. Жайжибековдун балдардын чыгармачыл борборуна имарат салуу үчүн айылдык аймактын стратегиялык өнүгүү планына киргизүү жөнүндө сунушун депутаттар карап чыгып талкуулап Чоӊ-Алай айылдык кеӊешинин 5-чакырылышынын депутаттары кезектеги 1-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Балдардын чыгармачыл борборуна имарат салуу үчүн Чоӊ-алай айыл өкмөтүнүн стратегиялык өнүгүү планына киргизилсин..

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Молдоболотов