Редакцияот 21.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Кара-Таш айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХX cессиясы

 

2016-жылдын 21-майы № XХX/ 6

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Орто-Топ участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 20-майындагы № 65- арызынын жана № 2-протоколунун негизинде

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Орто-Топ участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 20-майындагы № 65- арызы жана № 2- протоколунда көрсөтүлгөн мечиттин иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап айыл кеңеши (А/к кенештин туруктуу комиссиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Орто-топ участкасынын тургундарынын 2016-жылдын 20-майындагы № 65-арызы канааттандырылсын жана № 2- протоколу бекитилсин.

2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Орто-топ участкасынын тургундарынын жалпы чогулушунун № 2 протоколуна негиз, мечиттин аты ” Орто-топ” мечити деп аталсын.

3. Керектүү иш-кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысы Ж.Пратовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Арынов