Редакцияот 07.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын (VI чакырылыштагы) кезектеги ХХIX сессиясы

 

2016-жылдын 7-июлу № 29/5

Көк-Жаңгак шаарынын тургуну А. Кимсановдун арызы жөнүндө

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаарындагы А. Кимсановдун арызын жана шаардык кеңештин мыйзамдулук укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 30.06.2016-жылдагы протоколун карап талкуулап , Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХIX cессиясы)

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарынын Шевченко көчөсүнүн аты жөнү Албай Кимсанов деп өзгөртүлсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Ж. Юсуповго жана Көк-Жаңгак шаардык мыйзамдулук, укук коргоо , этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссияга (Г. Садыковага) тапшырылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

К. Курбанов