Редакцияот 24.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 24-февралы № 1

Өзгөрүш айылдык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы болуп өткөн VI чакырылышынын 2-сессиясында Өзгөрүш айыл аймагынын тургундары Б. Бакеевдин оозеки кайрылуусун карап чыгып Өзгөрүш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төн-Төрт конушундагы Абдыбек көчөсүнөн Батыркул көчөсүнө көпүрө салып, кум төгүп берүү үчүн 50 (элүү) литр солярка эксковаторщик А. Жунусовго берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы башкы бухгалтерге Э. Батыркановага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөрүш айыл аймагынын башчысы А. Батырбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Бечелов