Редакцияот 23.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXV сессиясы

 

2015-жылдын 23-июну № 4

Кан , Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдарынын жашоочуларынын жайыт маселеси боюнча арыздарын караштыруу жөнүндө

Дара айылдык кеңешине келип түшкөн Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдарынын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кан, Сары-Талаа, Тунук-Суу айылдарынын элинин кайрылуусундагы жайыт маселесин караштырып маселени он жагында чечүү жагы Дара айыл өкмөтүнүнө жана жайыт комитетине тапшырылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Н. Мусаев