Редакцияот 07.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVI сессиясы

 

2015-жылдын 7-августу № 4

Баткен шаардык кеңешинин сунуш катын кароо жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Сайкаловдун Баткен шаардык Кеңешинин сунушун угуп жана талкуулап, Дара айылды кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XХХXXVI сессиясынын

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен шаардык кеңешинин 2015-жылдын 20-июлундагы Дара айыл аймагынын Чек айылын Баткен шаардык мэриясынын курамына кошуу боюнча кайрылган каты каанаттандырылбасын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Н. Кожоевге тапшырылсын.

 

Төрага

А. Мажилимов